Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:27
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ысык-Көлдө кышында туристтерге жагымдуу шарттарды түзүп берүү тапшырмасы берилди

21.12.2022 12:14
499
Ысык-Көлдө кышында туристтерге жагымдуу шарттарды түзүп берүү тапшырмасы берилди



Бүгүн, 21-декабрь күнү Ысык-Көл облусунда туризм тармагында эмгектенген жеке сектордун өкүлдөрү, дестинациялардын өкүлдөрү, туризм тармагына тиешелүү мекеме жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен облус жетекчиси Илияз Иманбетов жолугуп, туризм боюнча талкуу жүргүздү.


Анда 2022-жылдын жайкы туристтик сезонунун жыйынтыгы, андагы көрүлгөн чаралар, кылынган иштер, кетирилген кемчиликтер көтөрүлдү. Андан тышкары алдыда турган кышкы туризм жана келаткан жылдагы жайкы туризмге даярдыктар тууралуу маселелер каралды.


Жыйында облус башчы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө көтөрүлгөн маселелер боюнча тыкыр иш алып барып, келген туристтерге жакшы шарт түзүп берүү, толколдуктарды жаратпоо, мейман кабыл алган эс алуу жайлары коюлган талаптарды аткарууну тыкыр көзөмөлдөө боюнча протоколдук тапшырма берди. Андан тышкары тиешелүү министрлик, агенттик, ведомстволор менен иш алып барарын баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн