Бугу 03, 2024
Убакыт: 02:30
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Ысык-Көлдө көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө биринчилиги өтөт

04.08.2023 12:33
688
Ысык-Көлдө көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө биринчилиги өтөт


13-августтан 20-августка чейин Ысык-Көлдө көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу КР Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев билдирди.

Анын айтымында, спорттук иш-чара үч форматта өтүп, ага сегиз мамлекеттен 12 клубдар катышат.

"Биринчи форматта Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку лигасында ойногон төрттөн сегиз клубу катышат. Анда Кыргызстандан "Сары-Өзөн", "Достук", "Ынтымак", "Мурас" клубдары ат салышат. Бул турнирдин максаты кыргыз-казак достугун чыңдоо болуп саналат", - деди ал.

Бегалиев белгилегендей, экинчи форматта Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Венгрия, Монголия, Россия жана АКШдан жалпы 12 клуб ойнойт.

"Учурда Россиядан беш клуб катышууга арыз берди. Алар: Москва, Екатеринбург, Новосибирск, Алтай жана Красноярск шаарынын командалары", - деди ал.

Көк бөрү федерациясынын президенти маалымдагандай, ал эми үчүнчү форматта Кыргызстан менен Казакстандан 45 жаштан жогорку көк бөрү ардагерлеринин достук беттеши менен турнир жыйынтыкталмакчы.

Маалымат жыйындын катышуучулары белгилешкендей, турнирдин байге фонду 5 млн сомдон жогору, учурда демөөчүлөр менен сүйлөшүүлөр уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн