Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 13:20
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Ысык-Көлдө коронавируска чалдыккан бейтаптар кандай шартта дарыланууда? (сүрөт)

14.10.2020 18:09
756
Ысык-Көлдө коронавируска чалдыккан бейтаптар кандай шартта дарыланууда? (сүрөт)

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл облусунун аймактык ооруканасында болуп, коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарды дарылоо боюнча ооруканада жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып, оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн оңдоп-түздөө иштеринин аяктагандыгы менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

 

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын башкы адиси Кенже Уралиеванын айтымында,  жугуштуу оорулар бөлүмүндө оңдоо иштери эки этапта жүргүзүлүүдө, учурда биринчи жана экинчи блоктордо оңдоо иштери толугу менен аяктап, учурда бейтаптар дарыланып жатышат. Жакында үчүнчү блок бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.

 

Ысык-Көл облусунун аймактык ооруканасынын директорунун орун басары Талант Такенеев белгилегендей, учурда 18 бейтап стационардык дарыланууда, анын экөө пневмония менен, 16 бейтап лабораториялык тастыкталган COVID-19 илдетинен дарыланып жатышат. 


"Жугуштуу оорулар бөлүмү 60 орунга ылайыкташтырылган, анын 10у реанимация бөлүмү."Кызыл зонада" иштөө үчүн медициналык кызматкерлердин 6 тобу түзүлдү. Бардык керектүү медициналык шаймандар алынды. Ошондой эле, төртүнчү клиникалык протоколго ылайык коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн дары-дармектердин жана жеке коргонуу каражаттарынын запасы бар. Жеке коргонуу каражаттарын алуу үчүн кошумча тендер жарыяланды», - деп билдирди Талант Такенеев.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн