Бугу 16, 2024
Убакыт: 23:11
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ысык-Көлдө коронавирустан педиатрия бөлүмүнүн башкы дарыгери каза болду

05.07.2020 09:54
1061
Ысык-Көлдө коронавирустан педиатрия бөлүмүнүн башкы дарыгери каза болду


4-июлда Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын жалпы педиатрия бөлүмүнүн башчысы Садыков Эдил Ахметович COVID-19 инфекциясынан каза болду.


Маалыматка ылайык, маркум акыркы 4 күндөн бери жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткан.


Белгилей кетсек, Эдил Садыков 1958-жылы 19-октябрда Ак-Суу районунун Челпек айылында туулган.
Мектепти бүтүргөндөн кийин 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырып, окуу жайды 1982-жылы аяктаган. Андан кийин 1 жылдык интернатурадан өтүү үчүн Ысык-Көл облустук балдар ооруканасына жиберилген. Интернатураны бүткөндөн кийин 1983-жылы ошол эле облустук балдар ооруканасында дарыгер-педиатр кызматына алынган.


“Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги маркумдун жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн