Ысык-Көл облусунун тургунунан коронавирус табылды деп жалган маалымат тараткан адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактар аркылуу Ысык-көл облусунун тургунунун дене табы жогорулап, коронавирус чыкты деген жалган маалыматты таратып элди дүрбөлөңгө салган С.М.А. аттуу ,1982-жылы туулган жаран ыкчам иликтөөнүн алкагында кармалган.
Ал кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалпы элден кичирим сураганы айтылат. Учурда тийиштүү материалдарга юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына жиберилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн