Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Ысык-Көлдө күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

24.05.2020 09:08
902
Ысык-Көлдө күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды


Ысык-Көл облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 23-майда саат 21:22де Ысык-Көл облусунда очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.


Жер титирөө Каракол шаарында, Жети-Өгүз районунун Дархан, Оргочор, Кабак, Богатыровка, Мундуз, Ак-Дөбө, Тилекмат, Кызыл-Суу, Жети-Өгүз айылдарында жана Түп районунун Михайловка, Тогуз-Булак айылдарында 4 балл, Ак-Суу районунун Бөрү-Баш, Теплоключенка, Маман, Тегизчил, Нововознесеновка айылдарында 3 баллга чейин сезилген.


Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн