Бугу 13, 2024
Убакыт: 16:06
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Ысык-Көлдө мал айдап кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан жарандын денеси табылды

14.06.2022 13:04
900
Ысык-Көлдө мал айдап кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан жарандын денеси табылды

Тоңдо мал айдап кеткен бойдон дайынсыз болгон жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Шор-Булак айылынын 58 жаштагы К.Т. аттуу тургуну кечээ, 13-июнда саат 09:00 чамасында көл жээк тарапка малын айдап кеткен. Кечинде үйүнө кайтып келбегендиктен үй-бүлөсү Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылган.


Издөө иштерине 5 куткаруучу, 2 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 30 адам чыккан.


Бүгүн, 14-июнда саат 10:56 чамасында изделип жаткан жарандын сөөгү көл жээгинен табылган.


Окуянын чоо-жайы Тоң РИИБи тарабынан териштирилүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн