Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 15:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Ысык-Көлдө маршрутка токтоп турган унааны сүзүп, айдоочу каза болду

Ысык-Көлдө маршрутка  токтоп турган унааны сүзүп, айдоочу каза болду

Ысык-Көлдө эки маршрутканын катышуусундагы жол кырсыгынан бир адам мерт кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, 23-мартта саат 07:35тер чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 66-чакырымында (Сары-Ой айылы) Mercedes-Sprinter үлгүсүндөгү жолдун жээгинде токтоп турган унааны Mercedes-Sprinter унаасы сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен сүзүп алган унаанын айдоочусу (аты-жөнү такталууда) каза болгон.

Куткаруучулар каза болгон жарандын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн