Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:47
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Ысык-Көлдө майып кызды уурдап кетип зордуктоого шектелген эки адам аныкталды

Ысык-Көлдө майып кызды уурдап кетип зордуктоого шектелген эки адам аныкталды


Соцтармакка 29-июль күнү экинчи топтогу майып кызды эки эркек уурдап кетип зордуктаганы боюнча маалымат тараган.


Ага ылайык, жабырлануучунун кулагы 20 пайызга гана угат жана сүйлөй албайт. Шектүүлөр аны төрт күн бою мал сарайда сабап, зордуктап жүрүшкөнү айтылат. Окуя Түп районунда болгон. Жакындары кызды Токтоян жайлоосунан табышкан.


Облустук милициядан кабарлашкандай, факт Түп райондук милициясына катталып, “зордуктоо” беренеси менен иш козголду. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.


Кылмышка шектүү катары Каракол шаарынын 31 жаштагы А.Н. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга 48 саатка камакка алынды. Экинчи шектүүнүн өздүгү аныкталды. Ал Түп районунун Токтоян айылынын 36 жаштагы Б.Н. аттуу жашоочусу болуп чыккан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн