Бугу 20, 2024
Убакыт: 18:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Ысык-Көлдө мейманкана, пансионаттар карантинге жабылат

20.03.2020 16:25
1095
Ысык-Көлдө мейманкана, пансионаттар карантинге жабылат


Ысык-Көл облусундагы бардык мейманканалар жана пансионаттар карантинге жабылат. Бул тууралуу коронавирус боюнча Республикалык штабдан билдирди.

 

Маалыматка ылайык, мындай чечим коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу боюнча облустук штабдын бүгүнкү отурумунда кабыл алынган.


“Облустун аймагында коронавирустун жайылып кетүү жана жуктуруу тобокелчиликтерин азайтуу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларын сакташыбыз керек”, - деген Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүү Акылбек Осмоналиев.


Ысык-Көл облусунун аймагында 127 пансионат, 192 эс алуу үйү, 119 мейманкана, 12 эс алуу борбору, 3 реабилитациялык борбор жана 19 балдар эс алуу лагери бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн