Бугу 13, 2024
Убакыт: 03:27
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери биринчи класска бара турган окуучуларга окуу куралдарын тапшырды

25.08.2022 09:34
976
Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери биринчи класска бара турган окуучуларга окуу куралдарын тапшырды



Жаңы окуу жылынын башталышынын алдында салтка айланган «Мектепке жол» кайрымдуулук акциясынын алкагында, Ысык-Көл РИИБдин балдар иштери боюнча инспекторлору аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн келечектеги мектеп окуучуларына жаңы окуу куралдарын тапшырышты.  


Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, биринчи класстын окуучуларын мектепке чогултуу кайрымдуулук акциясы жакшы салтка айланды. Көп жылдардан бери Ысык-Көл облусунун курорттук аймагынын милиция кызматкерлери да бул жакшы жышаандан четте калбай келе жатышат. Жыл сайын бул иш-чаранын алкагында райондук милициянын балдар иштери боюнча инспекторлору жана ардагерлери үй-бүлөлөрү убактылуу турмуштук оор кырдаалда туш болгон балдарды жаңы окуу жылына чогултууга жардам беришүүдө.


Жаңы окуу жылынын алдында Ысык-Көл РИИБдин милиция кызматкерлери жана ардагерлери Ананьево айылындагы жети балага окуу куралдарын тапшырышты. 


Мектеп окуучуларынын белектери окууга бардык керектүү окуу куралдары менен жабдылган. Белектерди тапшырган милициянын ардагери Темирбек Мендегулов балдарды келе жаткан Билим күнү менен куттуктап, мектептен жакшы гана бааларды алууларына тилектештигин билдирди.


Балдар белектерди абдан кубануу менен кабыл алышып, жакшы окууга убада беришти.

Мындай иш-чаралар Ысык-Көл облусунун бардык аймагында өткөрүлмөкчү.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн