Бугу 04, 2024
Убакыт: 13:28
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулуп жаткан коттедждердин курулушу токтотулду

20.03.2024 17:10
354
Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулуп жаткан коттедждердин курулушу токтотулду


Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулуп жаткан коттеджердердин курулушу токтотулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүү Ысык-Көл региондук архитектуралык курулушту контролдоо башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн.

Башкармалык Бостери айылында жайгашкан "Даймонт Резорт" пансионатынын аймагындагы коттедждердин курулушуна пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында курулуштардын долбоордук иш кагаздары толук даярдалбагандыгы аныкталды.

Ошентип, "Даймонт Резорт" пансионатынын жетекчиси Э. Нургазиевге КР Укук бузуулар кодексине ылайык протокол түзүлүп, 200 миң миң сом айып пул салынды. Ошондой эле курулушту токтотууга жана иш кагаздарын толуктоого эскерме берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн