Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү депутат Камила Талиевага расмий жооп кайтарды.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Ак-Суу районунун Курбу айылындагы Чынтемир Осмонов атындагы мектепте 15 окуучу кургак учук менен ооруганын билдирген.
Буга жооп катары президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкүлөрдү билдирди.
“Депутаттын билдирүүсүнөн жана айыл тургундарынын жергиликтүү бийликке кайрылуусунан кийин Саламаттык сактоо министрлигине, облустук фтизиатриялык борборго жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтарга бул маалыматты текшерүү иштери башталган”.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, окуучулар арасында кургак учуктун массалык учурлары боюнча тастыкталган маалыматтар жок.
Маалым болгондой, кургак учукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында облуста балдарды профилактикалык текшерүүлөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, абал адистердин көзөмөлүндө.
«Ал эми мектептин абалы тууралуу, бул маселе мурда облустук администрациянын көзөмөлүндө болчу. Учурда тиешелүү министрликтер менен биргеликте билим берүү мекемесин оңдоо боюнча иш-чаралар иштелип чыгууда», — деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн