Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 03:52
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Ысык-Көлдө "Дүйнөлүк көчмөндөр модасы" фестивалы өтөт

18.07.2022 17:28
1388
Ысык-Көлдө "Дүйнөлүк көчмөндөр модасы" фестивалы өтөт


Ысык-Көл облусунда "Дүйнөлүк көчмөндөр модасы" фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, 21-22-23-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы Рух-Ордо маданий борборунда "Дүйнөлүк көчмөндөр модасы" фестивалынын үчүнчү сезону өткөрүлөт.


Фестивалга 20 мамлекеттен атактуу дизайнерлер, кол өнөрчүлөр жана мода индустриясынын адистери келишери маалымдалат.


Иш чаранын программасы:

- 21-июль 17:00 - Фестивалдын ачылышы, костюмдар парады, ата мекендик жана эл аралык дизайнерлердин мода көргөзмөсү жана салтанаттуу ачылыш аземи;

- 22-июль 10:00 - кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси;

- 12:00 - музей бөлүмү;

- 15:30 - "Эдегей" театрынын мода шоу-көгөзмөсү.

- 23-июль 10:00 - жарманке;

- 12:00 - маалымат жыйын;

- 15:30 - фестивалдын жабылуу аземи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн