Бугу 21, 2024
Убакыт: 08:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Ысык-Көлдө "Өспүрүм" рейдинин жүрүшүндө 1000ден ашык коомдук жайлар текшерилди

07.12.2021 11:46
567
Ысык-Көлдө "Өспүрүм" рейдинин жүрүшүндө 1000ден ашык коомдук жайлар текшерилди


Ысык-Көл облусунун аймагында 3-6 декабрь күндөрү «Өспүрүм» комплекстүү иш чарасы өтүп, анда 400гө жакын милиция кызматкерлери, 200дөн ашык тийиштүү мамлекеттик органдарынын жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышышты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.


Милиция кызматкерлери жана тийиштүү кызматтар тарыбанан, жаш өспүрүмдөр түнкүсүн мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүрө турган, тилемчилик менен алектенүүчү жана балдардын эмгегин колдонуучу 1000ден ашык жайлар жана коомдук жайлар текшерүүдөн өткөрүлдү.


Төрт күндүк иш чарасынын жүрүшүндө, түнкү саат 22.00дөн кийин мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн 55 өспүрүм, 49 эмгектенген жана 8 тилемчилик менен алектенген балдар аныкталды. Бардык аныкталган фактылар боюнча балдар ички иштер бөлүмдөрүнө алынып келинип, ата-энелери да чакырылып, жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринен кийин үйлөрүнө кайтарылды. Андан тышкары, милиция кызматкерлери тарабынан, жаш өспүрүмдөр тарбияланып жаткан 5 оор турмуштук абалдагы үй- бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн