Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:04
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ысык-Көлдө рейд учурунда кармалган 11 мас айдоочу айыпка жыгылды

25.08.2020 12:25
1242
Ысык-Көлдө рейд учурунда кармалган 11 мас айдоочу айыпка жыгылды


Ысык-Көл облусунда «Рулда» аттуу рейд учурунда 11 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу ОИИБдин ЖККК бөлүмүнөн билдиришти.  


Маалыматка караганда, жайкы туристтик мезгил учурунда жол коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле жол кырсыктарын алдын алуу максатында рейд өткөрүлдү.


"24-августта жол коопсуздугунун кызматкерлери тарабынан жол эрежесин бузгандыгы үчүн жалпы 126 айдоочу аныкталды. Мас абалында башкаргандыгы үчүн 11 айдоочу кармалып, автоунаалары айып жайга токтотулуп, Бузуулар жөнүндөгү Кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгү (Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы адамга транспорт каражатын башкарууга берүү) боюнча протоколдор түзүлүп, ар бирине 17 500 сомдон айып пул салынды.


Рейд учурунда унааны мамлекеттик белгиси жок башкарган 4 айдоочуга, терезесин караңгылатып айдаган 5, тиешелүү документтери жок унаа башкарган 8, жол белгилерине баш ийбеген 18, ылдамдыкты ашырып айдаган 37 айдоочуларга тийиштүү протоколдор түзүлүп, айыптар салынды", - деп айтылат маалыматта. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн