Бүгүн, 22-августта Ысык-Көлдө самбо боюнча дүйнө чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өтүп жаткан самбо боюнча Дүйнө кубогунда Кыргызстандан 16 спортчу күч сынашууда
Иш-чаранын биринчи кунүндө спорттук самбо боюнча эркектер арасында 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг салмак даражаларында, ал эми күжүрмөн самбо боюнча кыздар арасында 59 кг, 65 кг, 72 кг салмак даражаларында беттештер өтүүдө.
Кыргызстандан аталган салмак даражаларында төмөнкү спортчулар күч сынашууда:
Спорттук самбо (эркектер арасында):
- 58 кг— Кайрат Жусуп уулу, Темирлан Уланбек уулу;
- 64 кг — Белек Бараканов, Адилет Кубаныч уулу;
- 71 кг — Эламан Касымбаев, Жандос Эсегазиев;
- 79 кг — Феликс Уланбеков, Искендер Нармухамедов;
- 88 кг — Жамалбек Асылбек уулу, Фарух Мамаджанов;
- 98 кг — Артур Сансызбеков, Шахриор Идрисов;
- +98 кг — Сыймык Жапаров, Бекболот Токтогонов.
Күжүрмөн самбо (кыздар):
- 59 кг —Бегайым Акбалаева;
- 65 кг — Миранда Медетбек кызы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн