Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:59
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ысык-Көлдө санитардык эрежелерди бузгандарга 134 миң сом айып пул салынды

19.06.2020 14:24
390
Ысык-Көлдө санитардык эрежелерди бузгандарга 134 миң сом айып пул салынды


Ысык-Көл облусунда санитардык эрежелерди бузгандарга 134 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев 19-июнда брифинг учурунда билдирди.


Анын маалыматына караганда, облустун район, шаарларындагы ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын 30-апрелинен бери 2 028 текшерүүлөр жүргүзүлүп, 1 705 санитардык көрсөтмөлөр берилди. Санитардык талаптарды жана эрежелерди бузгандыгы үчүн 105 протокол түзүлүп, 18 токтом чыгарылып, 87 жооптуу тараптарга 13 4000 сомго айып пул салынды.


Ошону менен бирге облустун бардык аймактарында массалык түрдө дезинфекциялоо иштери улантылып, бардыгы облуста 2 840 объект дезинфекцияланып,  жалпы 1 743 458 чарчы метр жугушсуздандырылды. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн