Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:41
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ысык-Көлдө санитардык талапка жооп бербеген кичи автобус каттамдан алынды

05.09.2020 14:11
975
Ысык-Көлдө санитардык талапка жооп бербеген кичи автобус каттамдан алынды
  • Ысык-Көл облусунда 4-сентябрдан баштап, 10-сентябрга чейин коомдук транспорттордун айдоочулары тарабынан санитардык эрежелерди сактоо боюнча рейд өтүүдө. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

  • Маалыматка караганда, рейддин алкагында ИИМдин Ысык-Көл ОИИБ боюнча жол коопсуздугунун көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору, санитардык – эпидемиологиялык кызматынын жана транспорт министрлигинин өкүлдөрү менен бирдикте жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалардын салонундагы тазалыгын, антисептиктердин колдонулушун жана беткап, колкап эрежелеринин сакталышын текшерүүдө.

  • Мындай өткөрүлүп жаткан иш-чаранын негизги максаты болуп, калк арасында коронавирус жугуштуу илдетинин алдын алууга жана анын жайылышына жол бербөөгө, ошондой эле, аймакта эпидемиологиялык абалды жакшыртууга багытталган. Текшерүү көрсөткөндөй, айрым айдоочулар жана жүргүнчүлөрдү ташуучу мекемелердин администрациялары тийиштүү маани бербей жаткандыгы өкүндүрөт.

  • Алып айтканда, жол коопсуздугунун инспекторлору тарабынан Ак-Суу районунан «Мерседес-Бенц 316» үлгүсүндөгү автоунаанын айдочусу, Ак-Булуӊ айылынын 49 жаштагы тургуну С.Н. токтотулуп, ал тийиштүү текшерүүдөн өтпөстөн КараколАк-БулуӊБоз-Учук маршруту боюнча жүргүнчүлөрдү ташып жүргөндүгү аныкталган. Айдоочуга карата Бузуулар жөнүндө кодексинин 134-беренесинин 5-бөлүгү (Айдоочунун жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелеринин ар бир смена сайын рейске чыгар алдындагы медициналык кароодон өтүү же рейске чыгар алдындагы транспорт каражаттарынын техникалык абалын контролдон өткөрүү бөлүгүндөгү эрежелерди бузуусу) менен протокол түзүлүп, 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Андан тышкары, айдоочу рейстен дагы четтетилди.

  • Мындай фактыга жол бергендиги үчүн, Каракол шаардык муниципалдык жүргүнчүлөр автобазасынын механиги Ш.Б. карата Бузуулар жөнүндө кодексинин 121-беренесинин 6-бөлүгү (Ыйгарым укуктуу адамдын пайдаланууга тыюу салынган техникалык бузугу бар же милдеттүү техникалык кароодон өтпөгөн же болбосо белгиленген тартипте катталбаган транспорт каражатынын жол кыймылына катышуусуна жол берүүсү) менен протокол түзүлүп, 10 миӊ сом айып пул салынды.  


  • Рейддин жүрүшүндө, ИИМдин Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнүн кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирдикте, облустун тургундарын жана коомдук транспорттордун айдоочуларын санитардык эрежелерди кыйшаюсуз аткарууга чакырып кетишүүдө.    

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн