Ысык-Көлдө сел жүрүп үйлөрдү суу каптады. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн, 30-июль күнү таңкы саат 04:30 чамасында Балакчы шаары жана Тоң районунун Кескен-Бел ашусу, Кара-Тала, Оттук айылдарында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүрүп жатат.
Турак үйлөрдү суу каптап ички чарбалык жолдор жана арыктар кум шагылдарга толгон. Азыркы учурда Балыкчы шаардык ӨК бөлүмүнөн 15 куткаруучу 2 атайын техника жана Тоң районунун ӨК бөлүмүнөн 20 куткаруучу тазало иштерин жүргүзүп жатышат. Жабыркагандар катталган эмес. Толук маалымат берилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн