Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Көлдө сот кызматкеринин чечиминен кийин мамлекетке 42 млн сом зыян келтирилген

16.05.2023 10:28
291
Ысык-Көлдө сот кызматкеринин чечиминен кийин мамлекетке 42 млн сом зыян келтирилген



          

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2015-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында жайгашкан “Рояль бич” мейманканасынын аймагындагы 8,19 гектар жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүүгө негиз болгон чечим чыгарылганы аныкталды.

         

УКМКдан билдиргендей, Мамлекеттик каттоо кызматынын каттоо делосунда Ысык-Көл райондук сотунун аталган токтому менен менчикке берилген жер тилкелеринин аянтында олуттуу айырмачылыктар (2,05 га) бар, б.а. сот бир иш боюнча материалдык пайда алуу максатында ар кандай өлчөмдөгү жер аянттары менен эки мыйзамсыз чечим кабыл алган.

     

 Ысык-Көл облусунун сот органдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 42 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

       

 Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн