Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 14:29
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Ысык-Көлдө таштандыларды жана торлорду тазалоо максатында экомарафон өтөт

24.08.2022 12:19
928
Ысык-Көлдө таштандыларды жана торлорду тазалоо максатында экомарафон өтөт


25-августта Ысык-Көлдө КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн «Келечек» жаштар форумунун алкагында экомарафон башталат. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн элчиси, «Эко-Деми» коомдук фондунун президенти Айжан Чыныбаева маалымат жыйынында билдирди.


Анын айтымында, экомарафондун катышуучулары көл жээгиндеги таштандыларды чогултуу менен бирге, ылдамдык үчүн жарышышат.


Кошумчалай кетсек, 17-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүндө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин экологиялык инспекторлору таштанды чыгарууга катышып, эң көйгөйлүү жерлерди табууга көмөктөшөт.


«Эко-Деминин» директору 17-сентябрдагы акцияга мамлекеттик органдарды, бизнес өкүлдөрүн, ыктыярчыларды жана кайрымдуу жарандарды кошулууга чакырды.


«Таза Ысык-Көл» коомдук фондунун жетекчиси Анвар Шамсутдинов Ысык-Көлдүн түбүн да таштандылардан тазалоо керектигин эске салды. Ошондой эле, браконьерлердин эски торлору көйгөй бойдон калууда, бул көлдөгү балыктардын санын көбөйтүүгө мүмкүндүк бербей турганын билдирди.


«Эки күндүк суу астындагы иштердин жыйынтыгында жалпысынан браконьерлердин торлору 2000 метрге жакын жана 300 метрди түздү», - деди ал.


«Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААКнын президенти Елена Калашникова фонд Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата волонтерлорго туризм боюнча окуу семинарларына жана мастер-класстарына бекер купондорду берүү аркылуу акцияга колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн