Жол кыймылынын коопсуздугун камыз кылган башкы башкармалык (ЖКККББ) жайкы туристтик мегзил учурунда көзөмөлдү күчөтөт.
ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, коомдук жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Ысык-Көл облусунун аймагына Бишкек шаарынан милициянын кайгуул кызматынан 34 кызматкер, 14 экипаж жөнөп кетти.
"Мындан ары да Ысык-Көл облусуна чет өлкөдөн келген туристтердин келүүсүнүн санына жараша этап-этабы менен кошумча күч иретинде башка аймактардан Ысык-Көл облусуна тартылат". - деп кошумчалашты ЖКККББдан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн