Баш оона 22, 2025
Убакыт: 05:41
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Ысык-Көлдө туристтик сезондо санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо боюнча жыйын өттү

01.06.2020 14:56
1514
Ысык-Көлдө туристтик сезондо санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо боюнча жыйын өттү


Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев онлайн режимде Ысык-Көл районундагы туристтик субъекттердин өкүлдөрү жана айыл өкмөт башчылары менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.


Анын айтымында, санитардык-гигиеналык нормаларды сактабаган субъекттер жоопкерчиликке тартылат.


"Учурдун талабына ылайык жаңы шарттарды сактап иштөө абзел. Биринчи кезекте, санитардык гигиеналык нормалардын аткарылышы шарт",- деген Осмоналиев.


Маалыматка таянсак, Ысык-Көл облусунда 127 пансионат, 7 санаторий, 119 мейманкана, 192 конок үйү, 19 балдар лагери, 13 хостел, 12 эс алуу борбору жана 3 реабилитациялык борбор бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн