“Радуга” пансионатында аялы күйөөсү тарабынан ур-токмокко алынган видео Ысык-Көл райондук милициясынын электрондук маалымат журналына катталган.
Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришкендей, окуя болгон жерге жагдайды тактоо үчүн аймактык милициянын кызматкерлери жөнөтүлгөн. Окуяны тактоо учурунда аял милицияга арыз жазуудан баш тарткан
Аталган факт боюнча Ысык-Көл райондук милициясына буга чейин эч ким арыз менен кайрылган эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн