Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Көлдө үрөй учурган жол кырсыгынан эне жана бала каза болуп, 7 адам ооруканага түштү

Ысык-Көлдө үрөй учурган жол кырсыгынан эне жана бала каза болуп, 7 адам ооруканага түштү

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан эне жана бала каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук жол кайгуул кызматынын маалымат кызматы билдирет.


Маалым болгондой, 16-августта саат 17.00дөр чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 24-чакырымында 36 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унааны айдап бара жатып, рулду башкара албай даракты сүзгөн.


Кырсыктын кесепетинен айдоочунун 76 жаштагы апасы алган жаракаттарынан улам ошол жерде каза болгон.Ал эми айдоочу Балыкчы шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.


Мындан сырткары жети жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Жол кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, кырсыкка катуу ылдамдыкта жүрүү себеп болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн