Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Көлдө уруксаты жок унааларды каттаган кызматкерлерге кылмыш иши козголду

03.04.2023 11:03
189
Ысык-Көлдө уруксаты жок унааларды каттаган кызматкерлерге кылмыш иши козголду

"Унаа" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Ысык-Көл областтык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө “Унаа” Мамлекеттик мекемесинин Каракол бөлүмүнүн жооптуу кызматкелери бажы кызматынын уруксаты жок транспорттук каражаттарын мыйзамсыз кайра каттаган фактылары аныкталган. 


Аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, жыйынтыгында Дж.Д.Т., М.М.Б. жана А.М.Т. аттуу үч кызматкерлерге карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кызматтык жасалмачылыктар боюнча айыптары угузулду.


Тергөөнүн жүрүшүндө, мамлекетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлүп, иш негизинен кароо үчүн сотко жөнөтүлдү.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн