Бугу 22, 2024
Убакыт: 03:00
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Ысык-Көлдө үй карантининин талаптарын бузган адамдар аныкталууда (фото)

24.06.2020 17:18
621
Ысык-Көлдө үй карантининин талаптарын бузган адамдар аныкталууда (фото)


Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен бирдикте «Ак-Кеме» жана «Кызыл-Омпол» санитардык-карантиндик посттордо күнү-түнү кезмет кызматтарын жүргүзүүдө. 


Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдиргендей, Covid-19 вирусунун коркунучунан улам өздүк гигиенаны жана дарыгерлердин кеӊештерин аткаруу боюнча калк арасында тынымсыз түшүндүрүү иштери колго алынууда. Үй карантиндин талаптарын аткарбаган адамдар туурасында түшкөн маалыматтарды ыкчам текшерип, ал боюнча тийиштүү чаралар көрүлүүдө.


Өздүк коопсуздукту камсыз кылуу максатында милиция кызматкерлери тийиштүү атайын коргоо кийимдери, медициналык беткаптар жана антисептиктер менен камсыздалган. Бекитилген графиктин негизинде милициянын административдик имараттары жана кызмат бөлмөлөрү дезинфекцияланып турат.  

 

Өзгөчө кырдаал жарыялангандан баштап облустун ички иштер бөлүмдөрү тарабынан карантин эрежесин бузган 7 иш сотко чейинки өӊдүрүшкө алынып, 4 иши боюнча өндүрүш уланууда.


Ошондой эле 3 жаранга эскертүү берилип, 13 жаранга 39 миӊ сом өлчөмүндө айып пул салынды. Негизги укук бузуулар үй карантинин талаптарын бузуу болуп эсептелинет.


Областтык милициядан билдиргендей, үй карантинин учурунда жарандар дарыгерлердин көрсөткөн талаптарын бекем сактап, үйдөн чыкпашы абзел.  Эгерде үй карантинине алынган жаран жашаган жеринен чыгып кеткен учурлар аныкталса, КР мыйзамдарынын негизинде жоопко тартыларын эскертет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн