Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 05:09
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

30.01.2021 14:03
647
Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Ысык-Көл ОИИБдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери УКМКнын Ысык-Көл району боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге алдамчылыкка шектелген, ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган Чолпон-Ата шаарынын 24 жаштагы тургуну Э.Э.ни кармады.


Белгилүү болгондой, өткөн жылдын сентябрь айында Ысык-Көл РИИБге 36 жаштагы Д.А. аттуу жаран кайрылып, март айында өзүн Замир деп тааныштырган белгисиз адам «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасын саткан. Кийинчерээк аталган унаа издөөдө жүргөндүгү аныкталып, жабырлануучуга материалдык чыгым келтирилген.


Бул факт Ысык-Көл РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


Азыркы учурда кылмышка шектүү Э.Э. райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына сот тарабынан баш коргоо чарасы жарыяланганга чейин киргизилди.

Тергөө  уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн