Бугу 15, 2024
Убакыт: 16:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды

17.08.2020 09:24
862
Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды


Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баӊгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, милицияга Чолпон-Ата шаарында “Нуке” аттуу адам өз үйүндө мыйзамсыз баӊги затын сактап жүрөт деген маалымат түшкөн. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, мыйзамсыз баӊги затын сактаган адамдын аты-жөнү аныкталып, ал ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турган, Чолпон-Ата шаарынын 23 жаштагы Э.Э. аттуу жараны болгон.


Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүү адамдын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөндө, целлофан баштыктын ичинде салмагы 295 граммды түзгөн күрөӊ-жашыл түстөгү зат табылган. Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы, алынган зат марихуана экени аныктаган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн