Теке 14, 2025
Убакыт: 21:29
USD
87.30
87.80
EUR
101.60
102.60
RUB
1.100
1.130

Ысык-Көлдө жалпы баасы 44,8 млн сомдук жер тилкелер мамлекетке өттү

14.07.2025 12:21
29
Ысык-Көлдө жалпы баасы 44,8 млн сомдук жер тилкелер мамлекетке өттү


Ысык-Көл облусунда жалпы баасы 44 млн 806 миң сомдук жер тилкелери мамлекетке өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.


Маалыматка ылайык, жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча Ысык-Көл облустук жана Жети-Өгүз райондук прокуратуралар тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактылары аныкталды.


Тактап айтканда, Түп районунда көлдүн жээгинде жайгашкан, аянты 4,5 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткен.


Мындан тышкары, Жети-Өгүз районунун Жаргылчак, Кызыл-Суу жана Оргочор айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы жалпы аянты 23 гектар болгон айыл чарба багытындагы жер тилкелер жарандардын менчигине мыйзамсыз берилгени аныкталды.


Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде, жалпы 44 млн 806 миң сомдук жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкелер кайрадан мамлекеттик менчикке кайтарылды.


Прокуратура органдары мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо жана жер ресурстарынын мыйзам чегинде пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүү багытындагы иштерди улантууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн