Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 10:59
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ысык-Көлдө жаранды бычак менен коркутуп акча талап кылган адам кармалды

22.03.2023 11:09
599
Ысык-Көлдө жаранды бычак менен коркутуп акча талап кылган адам кармалды

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургунду опузалап талап кылууга шектелип мурда соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.


2023-жылдын февраль айынын аягында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына ушул эле региондун тургуну кылмыш дүйнөсүнүн адамдары тарабынан опузалап талап кылуу фактысы боюнча чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Маалым болгондой, өткөн жылдын күз айларында курамына мурда соттолгон жарандар кирген топ айыл тургунунун сарайына коркутуу менен келип кетишкен. Алынган маалыматка караганда, жогорудагы шектүү жарандар акча жана мүлк талап кылып, алардын бири бычак менен коркуткан. Кылмышкерлер айыл тургунуна физикалык күч көрсөтөм деп коркутуп, опузалап атын тартып алышкан. Алар малды унаага жүктөп, өздөрү менен алып кетип калышкан.

Айылдын жашоочусунун негизги булагы мал болгондуктан, опузалоочулар өздөрүнүн аракеттери менен ага ири өлчөмдө зыян келтиришкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

Бир күн мурда Ысык-Көл облусунун аймагында көрүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында опузалап талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишине шектелгендердин бири кармалды.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча кармалган жаран 1987-жылы туулган О.А. мурда бир нече жолу соттолгон. Тактап айтканда, жаран 1987-жылы туулган О.А. өзүм билемдик, каракчылык, бейбаштык, ден-соолукка оор залал келтирүү фактылары боюнча соттолгон. Андан сыркары, аталган жаран мурда жасаган мыйзамсыз жоосундары үчүн соттолгон деп эсептелип, пробация органдарында жазасын өтөп жатканы белгилүү болду.


Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Жогорудагы кылмыштын калган шериктерин кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн