Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 13:21
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Ысык-Көлдө жеке менчикке өтүп кеткен жайлоо мамлекетке кайтарылды

14.05.2021 12:33
1752
Ысык-Көлдө жеке менчикке өтүп кеткен жайлоо мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облустук прокуратурасы менчикке өтүп кеткен 3,48 гектар жерди аныктап чыгып, аны кайра мамлекетке кайтарды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.


"Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен 2015-жылдын жай айларында жайыт катары эсептелген 3 086 000 сомдук жер К.А. аттуу жарандын менчигине мыйзамсыз берилип кеткен. Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө бул фактылар ачыкка чыкты", — деп айтылат маалыматта.


3,48 гектар жайытты мамлекетке кайтарып бериш үчүн Ысык-Көл облустук прокуратурасы доо арыз менен облустук сотко кайрылган. Апелляциялык инстанциядагы сот прокурордук чара көрүү актысын толугу менен канааттандырган. Анын натайжасында кыймылсыз мүлк мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн