Ысык-Көл облусунда жеңил унаалар кагышып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тоң районунун Туура-Суу айылында “Фольсваген Гольф” жана “Ауди” унаалары сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши жеңил жаракат алышкан (2002-жылы туулган, 2002-жылы туулган жана 1986-жылы туулган).
Куткаруучулар жана тез жардам кызматкерлери биргеликте жабыркаган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн