Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундарды коркутуп акча талап кылган делип Түп РИИБ башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары У.А.К., кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери М.С.Б. жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери У.К.Н. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, тартип сакчылар атайын даярдалган кыздар аркылуу зордуктоого аракет кылуу фактысы боюнча жасалма арыздарды каттоого алып, андан кийин жоопкерчиликке тартабыз деп Түп районунун тургундарын коркутуп, 100 миң сом акча талап кылышкан.
"Көрсөтүлгөн сумманын 20 миң сому кыздарга Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында берилип, калган 80 миң сомун эртеси күнү алуу пландалган. Калган акчаны ала албай калган милиционерлер Түп районунун тургундарына кысым көрсөтүп, зордуктоо аракети боюнча жасалма арыз катташкан. Бул иш боюнча жабырлануучулар арыз жазып, милиция кызматкерлери 12-декабрда колго түшүрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Каракол шаардык сотунун чечими менен 15-декабрда кармалгандар териштирүү аяктаганга чейин № 23 тергөө абагына киргизилгени кошумчаланды.
УКМК жогоруда аталган адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен жергиликтүү тургундарды атайын кызматтын облус боюнча башкармалыгына кайрылууга чакырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн