Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:59
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 2 адам мерт кетип, үчөө жабыркады

08.06.2020 10:44
1122
Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 2 адам мерт кетип, үчөө жабыркады

 

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жол кырсыгынан 2 адам мерт кетип, үчөө жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.


Маалыматка ылайык, 7-июнь күнү саат 04:00 чамаларында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 160-чакырымында (Көк-Мойнок-1 айылы) “Хонда Степ” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып, бетон тосмону сүзгөн.


Жол кырсыгынан кесепетинен 3 адам жабыркаган (2 эркек 2001 ж.т., 1986-ж.т., 1 кыз 2002-ж.т.) жана 2 аял киши каза болгон (1981-ж.т., 1972 ж.т.).


Куткаруучулар каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн