Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 16:12
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 20 жашка чыкпаган 3 жигит каза болуп, үчү жабыркады (Фото)

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 20 жашка чыкпаган 3 жигит  каза болуп, үчү жабыркады (Фото)

Ысык-Көл облусунун Түп районунда болгон жол кырсыкта 3 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы  ӨКМдин басма сөз кызматына таянып билдирди.


Маалым болгондой, 12-апрелде саат 23:14 чамасында Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 204-чакырымында (Михайловка айылына жакын) «Тойота Камри» жана «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 3 жигит каза болду.


Алар:

- 2002-жылы туулган К.А.;

- 2001-жылы туулган Т.К.;

- 2001-жылы туулган Р.К.


Мындан тышкары 3 жигит жабыркаган.


Алар:

- 2000-жылы туулган Т.уулу Б.;

- 2000-жылы туулган А.уулу Ы.;

- 2000-жылы туулган Ж.Т.


Куткаруучулар каза болгон адамдардын жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жабыркагандар Түп райондук аймактык ооруканасына тез жардам аркылуу жеткирилди.


Куткаруу иштерине Каракол шаардык №15 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу барган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн