Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Көлдө жол убактылуу жабылат

16.07.2022 14:05
751
Ысык-Көлдө жол убактылуу жабылат


20-21-июлда Чолпон-Атада Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чараны өткөрүү учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциянын бардык өздүк курамы күчөтүлгөн режимде нөөмөттө болушат.

Ысык-Көл облусунда "Ысык-Көл" аэропорту жана Чолпон-Ата шаары каттамында делегациялардын өтүү учурунда жолго чектөөлөр киргизилип, жол жээгинде кароосуз калган унаалар эвакуацияланат.

Өткөрүлө турган иш-чаранын маанилүүлүгүнө байланыштуу ЖКККББ Ысык-Көл облусунун жашоочуларын жана конокторду туура кабыл алып, айдоочуларды маданиятты жана айдоо эрежелерин сактоого чакырат.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Назгул
Саат канчадан канчага чейин жабык болот
Назгул
Саат канчадан канчага чейин жабык болот