Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 01:15
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ысык-Көлдөгү 2000 метрлик балык уулоочу тор алынды

22.08.2022 10:52
465
Ысык-Көлдөгү 2000 метрлик балык уулоочу тор алынды

Министрликтин мамлекеттик инспекторлору Ысык-Көлдү браконьерлердин торлорунан тазалоодо. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка караганда, 2022-жылдын 20-августунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мамлекеттик инспекторлору Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик жана экологиялык милициясы менен биргеликте көлдүн акваториясында жаратылышты коргоо мыйзамдарынын бузулушун алдын алуу жана аныктоо максатында рейдтик иш-чара жүрүшүндө балык корлоруна зыян алып келип жаткан жалпы узундугу 2000 метр болгон 20 даана балык уулоочу синтетикалык торлор чыгарылып, жок кылынды.


Белгилей кетчү жагдай, мындан ары браконьерликке каршы рейдтик иш чаралар байма-бай болуп турмакчы.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн