Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:24
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Көлдөгү айылды суу каптады

01.08.2022 16:41
772
Ысык-Көлдөгү айылды суу каптады




Бүгүн, 1-августта эртең мененки саат 6:10 чамасында саат 7:05 ге чейин катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Өрнөк айылында сел жүрүп, түндүк тарабындагы селди агуучу дамбанын 3 жеринен агымы шар сел суусу жеп, төмөндө жайгашкан Өрнөк айылынын Керимбаев, Жумаев, Турсунбай ата көчөлөрүн каптаган.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.


Ошондой эле 30 турак үйдүн короолорун, “Эдельвейс” эс алуу борборунун аймагында жайгашкан кефелер менен соода түйүндөрүн сел каптап кеткен. Селди агуучу дамбанын 900 метр жери жана 3 тилкеси жараксыз абалга келген. Мындан сырткары ички жолдордон болжол менен 4800 метрдей ички жолдор жарактан чыкты.


"Учурда бул айылдарда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепетерин жоюу иштерин аткарууга Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнөн 1 экскаватор, 1 трактор тартылып, Чоң-Сары-Ой айыл өкөтүнөн 20 адам тазалоо иштерине чыгышты. Ал эми Ысык-Көл райондук ӨКБдөн 2 офицер жана 3 куткаруучу 1 даана мотопомпа менен сууларды сордуруу иштерин жүргүзүшүүдө",- деп билдирди министрлик.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн