Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 17:41
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайларды басып алууга жана ээлеринен акча талап кылууга жол берилбейт, - Жапаров

13.10.2020 12:38
1289
Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайларды басып алууга жана ээлеринен акча талап кылууга жол берилбейт, - Жапаров

Премьер-минист Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу Улан Ниязбековго Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан эс алуучу жайлардын, санаторийлердин жана пансионаттардын сакталышын камсыздоо боюнча тыкыр чараларды кабыл алуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

«Социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан эс алуучу жайлардын жана пансионаттардын ээлерине белгисиз жарандар келип, акча каражаттарын опузалап коркутуу аркылуу алып жаткандыгы тууралуу маалымат пайда болгон. Макул болбогон учурда, пансионаттарды өрттөп, денеге залал келтирүү коркутуулары болгондугу айтылат. Мындай окуялар жеринде токтотулушу керек. Курорттук аймактагы башка жактардын мүлкүн рейдерлик менен басып алуу аракеттерине жана анда иштеген ишкерлерден опузалап акча талап кылууга жол берилбейт», - деп баса белгиледи ал.  

Өкмөт башчы кыска мөөнөттө түзүлгөн кырдаалды иликтеп чыгып, мындан ары бул сыяктуу аракеттерге чек коюу тапшырмасын берди. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн