Ысык-Көл облусундагы пансионаттардын биринде 29 жаштагы жигит сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-август күнү Бостери айылында жайгашкан "Алтын кум" пансионатында көлгө 1991-жылы туулган эркек киши чөгүп кеткен.
Издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин №31 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. 17-август күнү издөө иштери улантылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн