Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 11:30
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Ысык-Көлдөгү үрөй учурган жол кырсыгынан 4 адам каза болду

Ысык-Көлдөгү үрөй учурган жол кырсыгынан 4 адам каза болду

Ысык-Көлдүн Теплоключенко айылында жол кырсыгынан төрт киши мүрт кетти. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.


Каргаша бүгүн саат 16:30дар чамасында Каракол — Эңилчек унаа жолунун 10-чакырымында болуп, Nissan X-Trail менен Subaru Forester үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.


"Nissan X-Trail унаасынын 61 жаштагы айдоочусу А.А. кар күрткүдө чыгыштан батышка бара жатып, рулду башкара албай каршы тилкеге чыгып, жолдо токтоп калган. Айдоочунун жайкы дөңгөлөктөрдү алмаштырбаганы белгилүү болду. Каршы тилкеде келе жаткан Subaru Forester унаасынын 34 жаштагы айдоочусу А.А. токтогонго жетишпей калып Nissan X-Trail машинасын сүзүп кеткен", — деп жазылган маалыматта.

Окуя болгон жерден төрт киши көз жумуп, үч киши жаракат алган. Каза тапкандардын аты-жөнү такталууда.


Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар жүргүзүлүп жатат. Тергөө уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн