Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 22:53
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ысык-Көлдөн мыйзамсыз кармалган балыктар аныкталды

14.10.2022 10:00
739
Ысык-Көлдөн мыйзамсыз кармалган балыктар аныкталды

Ысык-Көлдө 60 жаштагы аял мыйзамсыз кармалган 81 даана балыкты Бишкек шаарына алып бара жаткан жеринен кармалды.  Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.


Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлерине Түп районунун Кудургу айылынын 34 жаштагы тургуну М.А. өзүнүн үйүндө ири өлчөмдө мыйзамсыз кармалган балыктарды сактап жүргөндүгүн жана көлдө мыйзамсыз балык уулоо менен алектенери жөнүндө маалымат түшөт.


Аталган маалымат Ысык-Көл ОИИБдин КБРне катталып, тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 310-беренеси (Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо) менен кылмыш иши козголот. Козголгон кылмыш ишинин алкагында маалыматта көрсөтүлгөн жарандын жашаган жерин аныктоо боюнча тергөө тапшырмалары берилет. Туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери М.А. жашаган үйүн аныктап, ошондой эле мыйзамсыз кармалган балыктарды сатуу үчүн 60 жаштагы апасын Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа менен Бишкек шаарына жөнөтүп жибергендигин аныкташат. Аталган унаа Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынан милиция кызматкерлери тарабынан токтотулуп, текшерүүгө алынат. Натыйжада 2 баштыка жана 1 желим баштыка салынган 81 даана «Сига-Лудога» балыгы табылып алынат. 


Козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган балыктын келип чыгышы такталууда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн