Бугу 02, 2024
Убакыт: 08:44
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси кармалды

14.03.2023 16:24
249
Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси кармалды

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун мурунку башчысы жана курулуш компаниянын директору кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.


Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 2017-жылы Ысык-Көл районунун Ананьево айылына футбол аянтчасын куруп жаткан курулуш компаниясына Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун башкаруу боюнча дирекциясынын кызмат адамдары акча каражаттарды мыйзамсыз которуп беришкендиги аныкталган.


Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) боюнча кылмыш иши козголгон.


Кылмыш ишинин алкагында шектүү катары Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун дирекциясынын мурдагы башчысы С.Р.К. жана курулуш компаниясынын директору Д.А.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн