Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:59
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ысык-Көлдүн акими медиктерди, ыктыярчыларды ишке чакырды

16.07.2020 12:44
1065
Ысык-Көлдүн акими медиктерди, ыктыярчыларды ишке чакырды


Ысык-Көл районундагы күндүзгү стационарларда  491 орун даярдалды. Бул тууралуу аким Данир Иманалиев билдирди. 


Анын айтымында, санаторий жана реабилициялык борбордо орундар даярдалды. 


"Ысык-Көл райондук ооруканада 90, өпкө оорулары эс алуучу санаторийде 80, Ананьево айылында 15 жана “Алтын Балалык” реабилитациялык борборунда 100, жалпысынан күндүзгү стационарларда 491 орун даярдалды", - деди ал. 


Анын айтымында, аймакта дарыгерлер жетишсиз болууда. 


"Тилекке каршы өлкөнүн көп аймактарында бар көйгөй бизде да курч турууда. Дегеним ушул стационарларда иштеп, оорулууларды кабыл алганга медиктер жетишпейт", - деди ал. 


Аким бардык дарыгерлерге, медайым, медагаларды, медик студенттерди, ыктыярчыларды ишке чакырып, аларга жатакана, тамак-аш акысыз болорун жана айлык маяна төлөнөрүн билдирди. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн