Акылбек Осмоналиев Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.
Акылбек Осмоналиев буга чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн