Ысык-Көл облусунда коронавирус инфекциясын алдын алуу жана жайылышын көзөмөлдөө иштерине Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жана “Кумтөр Голд Компани” ишканасы тарабынан финансылык жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ыкчам штабынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан Ысык-Көл облусунун район, шаарларына жалпы 12 млн. сом акча каражаты каралды. Ал эми “Кумтор Голд Компани” ишканасы тарабынан жалпы 100 миң доллар бөлгөн. Аталган каражаттар облустагы саламаттыкты сактоо мекемелерине керектүү жабдыктарды, дары-дармектерди, жеке коргонуучу каражаттарды жана биринчи тартиптеги керектелүүчү медициналык буюмдарды сатып алууга жумшалып жатканы кабарланат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн