Ысык-Көлдүн жээктеринде объектилерди курууга уруксат берилет. Бул тууралуу буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документке ылайык, өзгөчө учурларда суу четинен 100 метрлик жерге объектилерди курууга болот. Бирок алар капиталдык курулуш болбошу керек.
Эми Ысык-Көлдүн жээгине пирс, пирсте жуунуучу зонасы жок буу бөлмөлөрүн, бар текчелерин жана саркынды сууну тазалаган системасы менен коомдук ажатканаларды курса болот.
Туристтик кызматты жакшыртып, келгендер үчүн ыңгайлуу эс алууну камсыз кылуу үчүн аталган сунушту буга чейин Мамкурулуш киргизген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн