21-сентябрда Кыргызстандын элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравиянын Зекет, салык жана бажы мамлекеттик мекемесинин башчысы Сухайл бин Мухаммад Абанми менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы мамилелердин учурдагы абалын жана өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле бажы жана салык чөйрөсүндө мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Өз кезегинде Абанма эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин азыркы абалына оң көз карашын билдирип, элчинин соода-экономикалык, бажы тармагында кызматташууну өнүктүрүү зарылчылыгы тууралуу пикирине кошулуп, жетектеген мекемеси аркылуу зарыл болгон жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.өйтүүгө, ошондой эле өз ара сапарларды уюштуруу жана биргелешкен келишимдик-укуктук базаны түзүү аркылуу бажы тармагындагы мындан аркы кызматташтыкты арттырууга басым жасоо зарылдыгын билдирди.
Өз кезегинде, С.Абанма эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин азыркы абалына оң көз карашын билдириэ, элчинин соода-экономикалык, бажы тармагында кызматташууну өнүктүрүү зарылчылыгы тууралуу пикирине кошулуп, жетектеген мекемеси аркылуу зарыл болгон жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында элчи Марипов маектешине министрлер кабинетинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиевдин эки өлкөнүн бажы мекемелеринин мындан аркы кызматташтыгын активдештирүү максатында С.Абанманы Кыргызстанга келип кетүүгө чакырган катын тапшырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн